Парламенттик сессиянын башталышында депутат Давран Сабиров Елена Валееванын ушундай мазмундагы катын окуп берди. Катта белгиленгенге караганда, «Кыргызгаз» ишканасынын негизсиз дооматынын негизинде сот жообуна тартылып, анын айынан алты балалуу үй-бүлөсү жабыркап жатат. Бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу Давран Сабировдун сунушу колдоо тапкан жок. Төрага маселени териштирүүнү ктиешелүү комитетке тапшырды. (BuS)