Мындай пикирин премьер министр Алмаз Атамбаев бюджетке байланыштуу парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Кирешеден чыгаша он эсе көп болуп жатат деп эсептеген премьер министр бюджет долбоорун ушул калыбында кабыл алып беришин депутаттардан суранды. Бюджет долбоору 4 млрд 100 миллион сом таңсыктык менен түзүлгөн. Алмаз Атамбаев ошондой эле жагдай оор деп белгиледи. Анын айтымында, ХИПК программасына кошулбай койгону үчүн Кыргызстан дагы 1,5 млрд сом үстөк төлөйт. (BuS)