Буга өлкөдөгү кырдаал, биртуугандарынын өмүрүнө коркунуч келген жагдай таасир этти деп билдирди. Анын айтымында, ар кандай бут тосуулар жакындарынын саламаттыгына доо кетирген кырдаалды түзүп жатат. Турсунбай Бакир уулу ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын толугу менен кайра түзүү керек деп эсептейт. Анын көз карашында комиссия мүчөлөрү талапкерлерди каттоодо калыстыктан тайып жатат. Шайлоо комиссиясы Турсунбай Бакир уулун Отузадыр шайлоо округу боюнча талапкердикке каттоодо анын акыйкатчы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу шартын койгон. (BuS)