Буга байланыштуу билдирүү менен бүгүн «Эл аралык толеранттуулук үчүн», «Интербилим», «Журналист», Медиа өкүлчүлүк институту чыгышты. Алар журналисттердин өмүрүнө кол салган акыркы жагдайларга бийлик маани бербей жатат деп, кабатырланышты. Жарандык лидерлер журналисттердин укуктарын коргоо, коопсуздугун камсыздоо, сөз эркиндиги, сабалган журналисттерге байланыштуу кылмыштардын иликтенишие байланыштуу президент Курманбек Бакиевден, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдон жана ички иштер министри Болотбек Ногойбаевден реалдуу аракеттерди күтүп жатышканын билдиришти. (BuS)