Анын өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатканы тууралуу өлкө президентине жолдогон ачык катын «Де-факто» гезити бүгүнкү санына басты. Алик Орозов ачык катында Акаевдик бийлик кулаганда жалпы кыргыз эли чоң өзгөрүүнү күткөнүн, бирок март ыңкылабы эл үмүтүн актабаганын белгилеп, эки жылдан бери жер-жерлерде чыгып жаткан нааразылык чараларын жана ага себеп болгон жагдайларды тизмектеген. Ошондой эле ал эл кызыкчылыгын жактаган күчтөрдүн аракетин чечкиндүү түрдө кубаттаарын айтып, кызматтан кетип жатканын жарыялаган.(SM)