Жаңы кабыл алынган мыйзамда бир чарчы метрде экиден ашуун адамдын чогулушуна, Москванын тарыхый эстелик жана айкелдеринин жанында митингдерди өткөрүүгө чек коюлган. Оппозициянын өкүлдөрү ушул жылы декабрда өтө турган парламенттик шайлоого жана кийинки жылга белгиленген президенттик шайлоого карата нааразылык чараларын өткөрүүнү пландаштырууда.