Иранда Британ аскерлери бошотулганына байланыштуу мунайдын дүйнөлүк баасы арзандай түштү
Иранда Британ аскерлери бошотулганына байланыштуу мунайдын дүйнөлүк баасы арзандай түштү
Тегеран менен Лондондун ортосундагы тирешүүдөн улам эки жумадан бери мунайдын баасы кымбаттап кеткен эле. Шаршембиде эл аралык биржаларда мунайдын бир баррелинин орточо баасы 2 долларга чейин арзандап, 64 доллар 40 центтин тегерегинде болду.