«Каракече кожоюну» атыккан Нурлан Мотуев бүгүн маалымат жыйынын куруп, ак жеринен бир жыл түрмөдө жатып чыкканын, укук коргоо органдары аны жасабаган иштери үчүн күнөөлөшкөнүн билдирди. Буга чейин Нурлан Мотуевдин үстүнөн 19 томдук иш ачылып, өтө чоң өлчөмдө мамлекеттик мүлктү талап-тоногон деген айып тагылган эле. Ал азырынча бир жыл аралыгында күнөөсү толук далилденбегендигине байланыштуу мыйзамга ылайык абактан бошотулуп, мындан ары тергөө иштерине боштондукта жүрүп катышмакчы. (IJz)