Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

18:42 Нарындагы журналисттердин кесиптик иштерине улуттук коопсуздук кызматы кийлигишүүдө


Нарын облустук телерадио компаниясынын атын атагысы келбеген журналисттин айтымында, облустук улуттук коопсуздук кызматынан Азамат Сооронбаев аттуу кызматкер бир сюжет тартылган кассетаны жергиликтүү жетекчилердин кийлигишүүсү менен көчүрүп кеткен экен. Мурда “Азаттык” радиосунан Жанбулак айылдык кеңешинин депутаттарынын айрымдары Бириккен фронтко өткөнү кабарланган соң, аталган айыл өкмөт башчысы Жолдошбек Осмоналиевдин кеңсесинде айылдык депутаттардын бир тобу чогулуп Бириккен фронтко кошулбагандыгын билдирген сюжет телевидениеге тартылган. Журналисттер Бириккен фронтко өткөн айылдын депутаттарынан да интервью алышкан экен. Ал эми Азамат Сооронбаев мындай фактыны төгүнгө чыгарууда. (JI)

XS
SM
MD
LG