Вице-президент Дик Чейнинин билдиргенине караганда, АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери, оппозициядагы Демократиялык партиянын өкүлү Нэнси Пелосинин Сирияга жасаган сапары америкалык администрациянын расмий Дамаскты изоляциялоого багытталган саясатына каршы келет. Расмий Вашингтон Сирияны эл аралык террорчулукту колдогону, коңшу Ирак менен Ливандын ички иштерине кийлигишкени үчүн утур-утур айыптап келген. Жакынкы Чыгыш боюнча сапарынын соңуна Конгресстин өкүлдөр палатасынын төрайымы бүгүн Сауд Аравияда болду.