Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Украинада саясий кризис тереңдөөдө


Себеби эки тарап тең өз турумунан кайтпасын билдирүүдө. Украин президенти парламентти таратуу жана мөнөөтсүз шайлоо жарыялоо жөнүндөгү чечиминен бир кадам да артка чегинбейт. Бул туралуу президент Ющенко бүгүн өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында билдирди. Ал ага катар президент жардыгын аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Президенттин жогорудагы чечиминен соң бул өлкөдөгү саясий тиреш уланып жатат. Ал эми Ющенконун атаандашы, премьер- министр Янукович президент жардыгынын мыйзамсыздыгын кайрадан белгилеп, эки ортодогу тирешти чечүү үчүн эл аралык ортомчуларды жардамга чакырды. Президенттин Жогорку Раданы таратуу жөнүндөгү чечимине нааразы миңдеген адамдар Киевде бүгүн да демонстрацияга чыкты, жүздөгөндөрү парламент имаратынын жанындагы чатырларда үчүнчү түндү өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG