Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

20:05 Дүйнөлүк Банк жыл сайын Кыргызстанга 35 млн доллар жардам берүүгө ниеттенүүдө


Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Роджер Робинсон президенттик администрациянын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Курманбек Укулов жана каржы министри Акылбек Жапаров менен бүгүн жолугушуу учурунда билдирген. Маалыматка караганда, келерки жумада Цюрихте Кыргызстандын донор-өнөктөштөрүнүн жолугушуусу болот. Ал эми май айында андай жолугушуу Бишкекте өткөрүлмөкчү. Мына ошол жолугушууда Кыргызстанга 2007-2010-жылдары колдоо көрсөтүү стратегиясы каралат. Дүйнөлүк банк болсо гранттык негизде жыл сайын 30-35 миллион доллар жардам көрсөтүүгө ниеттенүүдө, деп билдирген Роджер Робинсон. (AiT)

XS
SM
MD
LG