Кытай өзүнүн түндүк –батышын Борбор Азия менен байланыштыруучу он эки кан жолду 2010-жылга карата курууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик "Синьхуа" кабар агенттиги билдирди. Курулуучу жолдор Кытайды Орусия, Казакстан, Тажикстан, Пакистан менен байланыштырат. Алардын эң узуну 1680 чакырымга созулуп, Үрүмчү менен Стамбулду туташтырмакчы.