Миналанган автоунаанын жарылуусунан кеминде 15 адам каза таап, дагы кеминде 30тан ашууну жаракат алды. Жарылуудан соң тегерекке химиялык хлорин заты тараган. Рамади - сунни козголоңчулары менен "ал-Каида" согушкерлеринин таяныч бекети катары эсептелген Анбар провинциясынын борбору. Мунун аралыгында Дивания шаарында ирактык аскерлер менен согушкерлердин ортосунда айгышкан уруштар орун алганы кабарланды. Ирактык аскерлерге АКШнын күчтөрү колдоо көргөзгөн. Ал эми Дияла деген провинцияда жол жээгине көмлгөн бомбанын жарылуусунан бир америкалык аскер мерт болуп, экөөсү жаракат алган.