Өткөн жылдын ноябрь митингдери учурунда Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен тартып алууга” жана “Конституциялык түзүлүштү кулатууга ачык үндөө” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан тергөө жүргүзүлүп жаткан. “Дискетгейт” иши боюнча Асия Сасыкбаева, Өмүрбек Абдрахманов, Эдил Байслов жана “Реформа үчүн” кыймылынын бир нече мүчөлөрү күбө катары суралышканы белгилүү.
“24kg” маалымат агенттиги тараткан кабар боюнча кылмыш ишин жабуу чечимин Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев өзү кабыл алган.
Ал эми бул иш боюнча сурактан өткөн Асия Сасыкбаева “Дискетгейт” ишинин жабылышына азыркы өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин салымы бар, иш анын кийлигишүүсү менен жабылды деп эсептейт.