Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:30

16:15 Төрткүл суу сактагычынын абалы кооптуу


Баткен облустук суу чарбачылыгынын жетекчиси Мирзали Асатовдун берген маалыматы боюнча кышында болгон жер титирөөлөрдүн натыйжасында суу сактагычтын дамбасында жоондугу 3-4 см болгон 12 метрлик жарака пайда болгон. Суу сактагычтын абалы чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынган. Учурда жараканы иликтөө үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Адистердин айтуусунда кар массалык түрдө эрисе, суу ташкындап, жээк көчүп кетүүсү мүмкүн. Мындан Кыргызстан гана эмес, коңшулаш Тажикстандын да чектеш жайгашкан райондорун суу каптоо коркунучу бар дешет алар.

XS
SM
MD
LG