Бул туралуу Ирандын Британиядагы элчиси "Financial Times" гезитинде жарыяланган маегинде билдирди. Расул Мовахедян -Аттардын айтымында, эми Тегеран Британиянын Иракта америкалык аскерлер тарабынан кармалган беш ирандыкты бошотууга көмөктөшкөн жана өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча эл аралык коомчулуктагы тынчызданууну басаңдаткан кадамдарын кубаттамак. Ал эми Ирандан мекенине кайтып келген соң британ деңизчилери кечээ жасаган билдирүүсүндө мурдагы сөздөрүн төгүндөп, Иран бийликтери психологиялык кысым көргөзгөнүн, бул өлкөнүн деңиз чек арасын бузганын моюнга албаса, 7 жылга түрмөгө кесилерин айтып коркутканын маалымдашты. Ирандын мамлекеттик телеси британ деңизчилеринин айткандарын "пропаганда" деп мүнөздөдү. Деңизчилер 23-мартта туткундалып, 5-апрелде бошотулган.