Бул тууралуу “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун маалымат-катчысы Азамат Калман билдирди. Анын айтымында, жыйында мөөнөтсүз митингдерди биргелешип координациялоо маселелери талкууланды. Митинг учурунда бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү депутат Кубатбек Байболовго, Мелис Эшимкановго жана Темир Сариевге тапшырылды. Азамат Калмандын белгилешинче, 11-апрелде боло турган митингде эски аянтта жетимиштен кем эмес бозүй тигилет. Президенттин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрү талабы менен мөөнөтсүз митингдер областтарда 9-апрелде башталат, ал эми Түштүк регионунда жана Бишкекте 11-апрелде башталат.