Төрт күнгө созулган мелдеште баш байгени Кыргызстандын тандалма командасы жеңип алды. Экинчи орунга Тажикстандын “Мегафон” командасы, ал эми үчүнчү орунга Бишкектин командасы ээ болушту. Биринчи орунга 50 миң сом, экинчи орундагы командага 30 миң жана үчүнчү орунду алгандарга 20 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Борбор Азияда алгач ирет өткөрүлүп аткан “Балтика ” сыра компаниясынын кубогуна Казакстан менен Өзбекстандын футзал командалары келген жок. Мөрөй талашууга Тажикстандын эки командасы жана Кыргызстандын тандалган сегиз командасы катышты. Кыргызстандын аймагында кичи футбол боюнча 500дөн ашуун команда түзүлгөн.