Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

16:11 “Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстанда журналисттерге кол салган окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди


Ушундай мазмундагы катты “Чек арасыз кабарчылар” уюму кыргыз бийлигине жолдоду. Анда уюм Кыргызстанда акыркы үч жума ичинде бир нече журналисттерге кол салуулар болгондугу терең тынчсызданууну жаратып аткандыгын билдирип, кыргыз бийлигин көз карандысыз журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу жана сөз эркиндигинин абалын жакшыртуу үчүн болгон аракеттерди көрүүгө чакырды.

31-мартта Жалалабатта “Сентябрь” телеканалынын кызматкери Талантбек Сопуевди кырк чакты аялдар менен жигиттер сабап кетишкен. Ал башынан жаракат алып учурда ооруканада дарыяланууда. 16-мартта УТРКнын журналисти Кайрат Бримкуловду, 27-мартта НТС телеканалынын кызматкери Данияр Исановду белгисиз адамдар сабап кетишкен. Уюм жиберген катта башка массалык маалымат каражатттарынын журналисттерин коркутуп-үркүтүү фактылары орун алып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экени айтылат. “Адам укуктары боюнча бюронун” маалыматына ылайык, акыркы он беш жыл ичинде журналисттерге кол салган бир дагы адам сот жоопкерчилигине тартылган эмес.

XS
SM
MD
LG