Бириккен фронт менен «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрү кечээки жыйында Улуттук телеканалдан жок дегенде бир сааттык убакыт алуу маселесин козгоп, бул маселе боюнча сүйлөшүүнү бириккен фронттун мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановго тапшырды. Өмүрбек Абдрахманов бул маселе боюнча бүгүн телерадиокорпорпациянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрөөрүн кечээ кечинде «Азаттыкка» билдирди.(SM)