Райондук администрациянын жанында өтүп жаткан митингди бириккен фронттун облустагы штабы менен жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары уюштурушкан. Алар “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун талаптарын колдоп, өлкөдө Конституциялык реформа жүргүзүү, системаны өзгөртүү керектигин айтышууда. Бишкектен белгилүү саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары келишкен жок. Бул тууралуу Нарын облусундагы кабарчыбыз Жаркын Ибраева билдирди. (AJ)