ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

17:08 «Эркиндик» менен «Эмгек жана биримдик» оппозициянын талаптарын четке кагышты

Жалалабатта «Эркиндик», «Эмгек жана Биримдик» партияларынын, «Доор» аттуу өзбек улуттук борборунун жана Март ыңкылабын коргоо комитетинин өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында өлкөгө «тынчтык бербейт атат» дешип оппозицияга нааразылык билдиришти. Алар Бириккен фронттун президентти отставкага кетирүү талабын негизсиз деп четке кагышты. Экс-премьер Ф.Куловдун бийлик талашууга моралдык укугу жок деп баа беришип, Бириккен фронтту саясий акцияларды токтотууга чакырышты. Көз каранды эмес «5-канал» жана «Сентябрь» телеканалдарын окуяларды бир жактуу чагылдырууда деп айыпташып, маалымат каражаттарын калыстык менен тактыкка үндөштү. «Арнамыс» жана «Ата Мекен» партияларынын облустагы өкүлдөрү бийлик конституциялык реформа жүргүзүү убадасын аткарбагандыгы үчүн оппозиция саясий акцияларга чыгып жатат деп белгилешүүдө. (YA)
​
XS
SM
MD
LG