Эртең 10-апрелде “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт менен “Көкбөрү” федерациясы Сокулук районунун Орок айылынын үстүндө улак тартыш боюнча мелдеш өткөрө турган болушту. “Көкбөрү” федерациясынын билдиргенине караганда, Орок айылынын жанына отуз боз үй тигилген. Шейшембиде болуучу көкбөрүгө миңден ашуун улакчынын катышуусу күтүлүүдө. (AJ)