Бул тууралуу талибдердин маалымат катчысымын деген Шахабуддин Аттал билдирди. Өткөн айда Кандагар провинциясында талибдер төрт ооган дарыгерин жана алардын айдоочусун туткунга алышкан эле. Маалымат катчы эгер өкмөт эки талиб кор башыны кое бербесе, бешөө өлтүрүлө тургандыгын эскертти. Кечээ талибдер мурда кармалып, кайра бошотулган италиялык журналисттин ооган тилмечи Аджмал Накшбандинин башын алышканын кабарлашкан.Кечээ Ооганстанда НАТОнун жети аскери эки бөлөк бомба жардыруусунан каза тапты.