Орок айылына жакын жерде 11 боз үй, жети чатыр тигилген. Аймактардан дагы боз үйлөр алынып келинип тигилиши күтүлүүдө. Азырынча Көкбөрүчүлөрдүн он алты командасы келип, улак тартыш башталды. Жалпысынан көкбөрүчүлөрдүн жайырмадан ашуун командасы катышкан улуттук оюн бир жумага болжолдонгон. Уюштуруучулардын айтымында, улуттук оюнга бириккен фронттун лидери Феликс Куловдун катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Орок айылында өтүп жаткан көкбөрүчүлөрдүн иш чарасына күбө болуп жүргөн кабарчыбыз Кабыл Макеш билдирди. (AJ)