Бириккен фронттун штабынын билдиргенине караганда, Бишкекке аймактардан алынып келаткан боз үйлөрдү ташыган автунаалар орто жолдо Мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан токтотулуп, баш калаага өткөрбөө аракеттери жасалууда. “Учурда МАИ кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,-деп билдирди бириккен фронттун мүчөсү Эмил Алиев. Бириккен фронт 11-апрелдеги митингге карата Алатоо аянтында ондогон боз үйлөрдү тигүүнү пландаштырышкан. Биринчи май райондук администрациясынын акими Тилек Акамбаев болсо бириккен фронт митинг, ачкачылык акциясын өткөрүүгө уруксаат алышканын, бирок боз үй, чатыр тигүүгө ууруксаат албагынын, бул маселе боюнча шаардык прокуратурага кайрылганын билдирди. (AJ)