Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

16:05 Шаардык кеңеш президентти жана бириккен фронттун лидерлерин өз ара сүйлөшүүгө чакырат


Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында кайрылуу кабыл алынды. Анда өлкөнүн бүтүндүгү, коомдун туруктуулугу үчүн президент Курманбек Бакиевди жана “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун лидерлерин, “Реформа үчүн” кыймылдын тең төрагаларын тегерек үстөлдө өз ара сүйлөшүүгө чакырган. Ошондой эле кайрылууда 2005-жылы 24-март окуясынан кийин күнүмдүк турмушту жакшыртуу ишке ашпаганын, коомду өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкпаганы айтылат. Шаардык кеңештин депутаттары Конституциялык реформа, коалициялык өкмөт түзүү, укуктук-сот жана жергиликтүү башкаруу органдарын реформалоо талаптарын колдоору белгиленген.(AJ)

XS
SM
MD
LG