Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Орусиялык жана америкалык дипломаттар БУУда Абхазия боюнча араздаша кетишти


Грузиядан эгемендик алууга аракет кылган Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамбага АКШнын аймагына кирүүгө уруксат берилбегенин БУУдагы Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин“чоң катачылык” катары баалады. Америкалык расмий өкүлдөр Шамбанын виза алуу үчүн арызын карабай койду. БУУдагы АКШнын убактылуу өкүлү Александр Вульф Абхазия менен Косовонун ортосунда “жасалма окшоштук” жаратууга аракет кылып жатканы үчүн Орусияны айыптады. Анын аралыгында Абхазия жетекчиси Сергей Багапштын жүрөк талмасы кармап, ал Москва ооруканаларынын бирине жаткырылды.

XS
SM
MD
LG