Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

12:30 Назаралиевдин медициналык борборунун жанында чогулушкандар аянтка багыт алышты


Жайыл, Сокулук, Панфилов райондорунан келишкен бир жарым миңден, эки миңге чукул адам Борбордук аянтка Чүй проспектиси менен багыт алышты. Колоннанын алдында саясатчы Анвар Артыков жана бириккен фронттун мүчөлөрү бар. Митингчилер “К. Бакиев кетсин!”, “Бириккен фронтту колдойбуз”, “Реформа үчүн” жана башка ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун иш-чарага байкоо жүргүзүп, митингчилердин арасында келатат. (AJ)

XS
SM
MD
LG