Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, митингге үч жарым миң адам катышууда. “Бириккен фронттун жер жерлердеги жыйынына да эл анчейин катышкан эмес. Президент оппозициянын Конституциялык реформа, коомдук телевидение, коалициялык өкмөт түзүү тууралуу койгон бардык талаптырын аткарууга аракетин жасады. Бирок оппозиция ага болбой жыйын өткөрүп жатат”,-деди Шакиев.