Бул тууралуу бириккен фронттун лидери бүгүн кечинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын пикиринде, азыр декабрда кабыл алынган конституцияны эле оңдоп түзөө аракеттери көрүлүүдө. «Декабрдагы конституция мыйзамсыз, анткени ал 50 эмес, 49 добуш менен гана кабыл алынган, ошондуктан бул легитимсиз конституция жокко чыгаралыш керек», - дейт Кулов. Ошондой эле ал бул маселеде эки жол бар экенин, жаңы конституция кабыл алуу же декабрдагы баш мыйзамды жокко чыгарып, өткөөл мезгил боюнча жобону тактоо менен ноябрдагы конституцияны киргизүү зарылдыгын белгиледи.(SM)
20:10 Ф. Кулов: Биздин талап - мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана жаңы конституцияны кабыл алуу