Бул тууралуу “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, митинг саат төрттө кайра уланат. Анда Жогорку Кеңештин чукул сессиясын чакыруу, фронт сунуштаган конституциянын долбоорун талкуулоо талаптары коюлмакчы. Маалыматка караганда, азыркы саатка карай Алатоо аянтында 2 миңдин тегерегинде эл бар. (AiT)