Мындай билдирүүнү премьер-министр Алмаз Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Гревлих менен бүгүнкү жолугушууда билдирген. Премьер-министр радикалдуу оппозиция сунуштаган конституциянын долбооруна караганда, ал өзү жетектеген топ иштеп чыккан долбоор демократия жана мезгил талабына жакын экенин белгилеген. Өз кезегинде элчи конституциялык реформаны өткөрүүнүн мөөнөтү кызыктырганын, анткени ал түзүлгөн кырдаалдан чыгууга оң салымын кошоорун билдирген. Премьер-министрдин пикиринде, Кыргызстанда конституциялык реформа күз айларында соңуна чыгат. (AiT)
17:48 А. Атамбаев: президенттин кызматтан кетүүсү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү обьективдүү себептерге байланыштуу мүмкүн эмес