Төрага Мигел Анхел Моратинос бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушат. Андан сырткары ал ЕККУнун Бишкек борборунда саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен баарлашмакчы. ЕККУ төрагасы Кыргызстанга Борбор Азия аймагына жыл сайын жасалчу салттык сапарынын алкагында келүүдө.(SM)