Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Украина лидерлери саясий кризисти чечүү үчүн көз караштарын өзгөртүүгө даяр


Премьер-министр Виктор Янукович башкы атаандашы президент Виктор Ющенконун демилгеси менен өтө турган кезексиз парламенттик шайлоого катышаары мүмкүн экенин билдирди. Янукович 17-апрелге белгиленген конституциялык соттун жыйыны президенттин парламентти таркатуу жана парламенттик шайлоону өткөрүү чечими туура эмес деп тапса да бул турумунан кайтпаарын айтты. Өз кезегинде Ющенко конституциялык сот жасаган жыйынтык менен толугу менен макул болоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG