Аны ачкан Мелис Эшимканов митингдин катышуучулары Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматына жана Улуттук телерадиокомпанияга карай жөө жүрүшкө азыр чыгышаарын жарыялады. Эшимкановдун айтымында, митингчилер УТРКдан митингчилерге эфирде убакыт берип, өз позицияларын элге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүүсүн талап кылмакчы. Митингинин катышуучуларынын саны 3 миңдей экени кабарланууда. Чогулгандар алдында лидерлер Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана башкалар бар. (AiT)