Бүгүн ушул маселе тууралу облустун губернатору Байымбет Мураталиев кенди иштеткендерге каршы турган лидерлер менен алдын ала сүйлөштү. Губернатор өкмөт башчынын келиши тууралуу атайын программа түзүлгөнүн айтты. Жолугушуу Талас районундагы Манас айылынын клубунда өтөрүн жана ал жыйынга жалпы 350 адам катышып, анын ичинде нааразылык акциясына чыккандардан болгону 175 гана адам киргизилээрин билдирди. Бирок, каршылык акциясынын лидерлери мындай программага нааразылыктарын айтышып, эртең кайрадан Бишкек-Талас жолун жаап, ошол жерде өкмөт башчы эл менен жолугушсун деп талап кылышууда.(UA)
18:48 Алмаз Атамбаев эртең Таласка барып нааразылык акциясына чыккандар менен жолугушмакчы