Жолугушуу учурунда президент ЕККУ менен Кыргызстандын бир катар долбоорлор боюнча кызматташуусун ийгиликтүү деп атап, Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал менен тааныштырды. Мамлекет башчысы конституциялык реформаны жактаарын, бирок ал көчөдөгү элдин басымы астында эмес, парламентте талкуулар менен кабыл алыныш керек деген пикирин билдирген. Мигел Анхел Моританос өз кезегинде ЕККУ экономикалык багытта кызматташууга артыкчылык берүүнү каалаган Кыргызстандын пикирине колдоо көрсөтүп, өлкөдөгү ар бир бийлик бутагы өз ыйгарым-укуктарына жараша иштеш керектигин жана демократиялык жараяндарды өнүктүрүүгө ЕККУ жардам көрсөтүүгө даярдыгын биллдирген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)
20:07 Президент Курманбек Бакиев ЕККУнун азыркы төрагасы Мигел Анхел Моратинос менен жолугушту