Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

12:45 Митингчилерди милиция неге кармады?


12-апрель күнү ИИМнин кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган 150 дөн ашуун киши дагы деле камакта. “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын маалымат каражаттарына билдиргени боюнча кечээ тогуз кишини милициянын бөлүштүрүүчү жайынан алып чыгууга мүмкүнчүлүк болгон. Укук коргоочунун айтуусунда кармалгандар митингге келгендигин айтуудан коркуп жатышат. Чолпон Жакупова милиция митингге келгендерди кармоо тууралуу ИИМнин жашырын көрсөтмөсү бар деп эсептейт. Ал эми президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бул маалыматты четке какты. Анын айтуусунда митингге келгендердин баары бошотулду.

XS
SM
MD
LG