Бүгүнкү митингдин башталышында «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронтунун мүчөсү Мелис Эшимканов, саясий ачкачылык жарыялагандардын бири Бектемир Акунов каза болгондугун маалымдады. Депутаттын ырасташынча Бектемир Акунов 1954-жылы Нарын районунун Ортоарык айылында туулган. Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылынын мүчөсү болгон. Ал 5-апрелден тарта саясий ачкачылык акциясын жарыялагандардын катарына кошулуп, абалы начарлагандыктан ооруканага жеткирилген. Депутат Темир Сариевдин айтымында аны үйүнө кетип бараткан маалда Нарын шаардык ички иштер бөлүмү камап, кечээ күнү асылып өлгөндүгүн айтышкан. Расмий бийлик азырынча мындай маалыматты ырастай элек. (IJz)