Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

22:35 Нарын прокурору: Бектемир Акуновдун өлүмүндө саясий себеп жок


Мындай пикирин Нарын шаарынын прокурору Кеңешбек Токтомамбетов бүгүн кечинде «Азаттыктын» аймактагы кабарчысына билдирди. Анын айтымында, маркум Акунов кечээ кечки жети жарымдарда шаардык мэрияга мас абалында келип, мэр менен губернаторду чакыруусун талап кылган. Ал жердеги милиция кызматкери менен мэриянын өкүлү чыгарып жибергенден кийин кайра келип чыр салганда алар милиция чакырышкан. Шаардык милиция аны майда ээнбаштык жасады деген негиздеме менен админстративдик тартипте камакка алган. Бүгүн эртең менен ал «кичине ичип койдум эле, анча-мынча сөгүп койгонум үчүн кечирип койгула» деген мааниде түшүнүк кат жазып берген. Анан түшкө жуук отурган камерасында өзүн-өзү асып салган. Прокурордун айтымында, маркумдун денесине эртең жакындарынын катышуусунда соттук-медициналык экспертиза жасалат. Бектемир Акунов 5-апрелде бириккен фронт уюштурган саясий ачкачылык акциясына кошулуп, кечээ Нарынга жөнөп кеткен.(SM)

XS
SM
MD
LG