Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

11:15 Атышып жатып өлгөн кылмышкер Раатбек Санатбаевди жалмаган баш кесер болчу


16-апрелге караган түнү Бишкекте киши өлтүргүчтү кармоо боюнча милиция өткөргөн атайын операциянын жүрүшүндө болгон атышуудан милициянын улук лейтенанты Эрлан Искендеров курман болду. Көп адамдардын өмүрүн жалмаган баш кесер атыккан Кубан Жолдошев колго түшпөй, атышып жатып, акыры өлтүрүлдү. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын начальниги Мелис Турганбаевдин «24.kg» маалымат агенттигине берген маалыматына караганда, окко учкан кылмышкер жети адамды өлтүргөн деп шектелип, далайдан бери издөөдө жүргөн. Атактуу спортсмен Раатбек Санатбаев дагы ушул адамдын колу менен өлтүрүлгөн. (KCh)

XS
SM
MD
LG