Аскар Акаевдин учурунда коопсуздук кызматын башкарган Калык Иманкулов ошондой эле бийлик чагым жасоого да аракет кылышы мүмкүн деп, буларды такталган маалымат катары белгиледи. Ошондой эле мурдагы чекист Фатьянов көчөсүндөгү Феликс Кулов башында турган Бириккен фронттун кеңсеси жайгашкан аймакта Ырысбек Акматбаевге жакын саналган адамдын болушу ойлоно турган маселе дейт. Ушул эле күнү уюштурган маалымат жыйынында ички иштер министри Болотбек Ногойбаев түнкү окуянын оппозицияга тиешеси жок деп билдирди. Кечээ түнү кылмыштуу топту кармоо аракетинин учурунда кылмышта шектелген ир адам, милициянын бир кызматкери набыт болушту. (BuS)