Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алишер Ташматов билдирди. Анын айтымында, бүгүн Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болору жөнүндө күндүзгү саат он бир чамасында аба ырайын маалымдоо борбору тарабынан эскертүү болгон. Ошондон көп өтпөй Бишкек шаарынын Совет жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде катуу шамалга туруштук бере албай бир дарак “Фольксваген” автомашинасынын үстүнө кулап, айдоочу жеңил жараат алган. Андан сырткары кулаган дарак троллейбустун зымына да зыян келтирген. Бирок азыр каттуу шамал болуу коркунучу жок.(JJ)