Президенттик админстрациянын мурдагы башчысы бул тууралуу бүгүн маалымат каржаттарына расмий билдирүү жасашы күтүлүүдө. Мындан төрт күн мурда өлкө башчысы аны ээлеген кызматынан бошоткон жардыкка кол койгон. Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев буга дейре Мыктыбек Абдылдаевдин кызматтан алынуусу анын ишине байланыштуу болгонун билдирсе, айрым маалымат булактары ал өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин кабарлашкан. (SM)