Окуя кечээ кечки саат ондордо Бишкектин Манас жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бүайша Арстанбекованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ал көчөдө бараткан учурда артынан белгисиз бирөөлөр келип, катуу бир нерсе менен башка чапмакчы болгондо отура калып, колу менен башын калкалап калууга үлгүргөн. Ошондой эле ал учурда бул окуя боюнча ички иштер органдарына кайрылып, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатканын кошумчалады. “Акыйкат жолу” коомдук уюмунун жетекчиси Бүайша Арстанбекова бириккен фронттун ачкачылык акциясы учурунда «Энелер тынчтыкты жана биримдикти каалайт» деген ураан менен жүрүштөрдү уюштурган. Ал буга дейре белгисиз аялдар тарабынан коркутуулар болгонун, ага анча маани бербегенин да кошумчалады.(SM)