Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Америкалык университеттеги ок атуудан кеминде 33 адам каза тапты


Виржиния штатындагы техникалык универсеттеги ок атуудан бери дегенде 33 адам курман болуп, дагы 30 киши жараат алды. Кол салган адам да өзүн өзү өлтүрдү деп маалымдалууда. Дүйшөмбү күнү танга маал студенттик жатаканада, эки сааттан соң окуу аудиториясында ок атылды. Виржиниядагы кол салуунун себептери жана ок аткан адамдын ким экени маалымдалган жок. Бул чабуул АКШнын окуу жайларындагы эң кандуу окуялардын бири болду. Президент Жорж Буш Америка эли Виржиниялык университеттеги кол салуудан жакындарын жоготкондор менен кайгы болүшкөнүн билдирди:
Биз курман болгондордун жаркын элесин дайыма эсибизде сактайбыз. Биз бүгүн азап тарткандардын жүрөгү тынчысын деп кудайдан суранабыз
деп айтты Жорж Буш.

XS
SM
MD
LG