Эки күндөн бери Бишкекте жүргөн АКШ мамлекет катчысынын жардамчысынын орун басары Еван Фейгенбаумду бүгүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев кабыл алды. Жолугушууда тараптар саясий, экономикалык реформалар жаатында кызматташтыкты улантууга дилгирлигин билдиришти. Буга чейин мамлекеттик катчынын өкүлү Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушкан. Эми анын президент Курманбек Бакиев, жарандык коом лидерлери жана студенттер менен жолугушаары күтүлүүдө. (BuS)