Бүгүн Жалалабат университетинде «Саясий туруктуу өнүгүүнүн негизи» деген аталышта студенттик конференция болуп өттү. Анын катышуучулары өлкөдөгү тынчтыкка Бириккен фронттун акциялары доо кетирип жатат деп белгилешти. Алар ошондой эле оппозициянын президентти отставкага кетирүү талабы туура эмес жана эки жыл сайын өлкө башчысы алмаша берсе, ал өнөкөткө айланып, стабилдуулук бузулуп, өнүгүү болбойт деген пикирлерин айтышты. Айрым жаштардын пикири боюнча, элдин атынан сүйлөөгө укугу жок оппозиция ультимативдүү талаптарды кое бербей, кемчиликтерди туура сындап, ал мүчүлүштүктөрдү ондоого бийликке жардам берүүсү зарыл. Баш мыйзам кайра-кайра жаңыланбай, улуттук идеологиянын жана жарандык духтун негизинде жазылуусу керек. Жалалабат жаштары партияларды, жаштарды жана бийлик бутактарын саясий ынтымакка чакырган кайрылуу кабыл алды. (YA)